«Ош пирим» телеканалынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

«Ош пирим» телеканалынын кеңсесинен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 14:53тө өрттү өчүрүүгө Октябрь райондук N5 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган.

Өрт саат 15:02де чектөөгө, саат 15:27де толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн себептери такталууда.