№47 түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан киши каза болду

Бишкектеги №47 түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан киши каза болду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалымтка ылайык, Соттолгон жаран кант диабетинен улам каза болгон. Аталган окуя 18-февралда катталган.

Маркум 60 жашта болгон.