Коргоо министрлиги командировкага 10 миллион сомго билет сатып алууга тендер жарыялады

Кыргызстандын Коргоо министрлиги кызматтык сапарларга авиа билеттерди сатып алуу боюнча тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматы боюнча, пландалган сумма 10 млн сом. Тендердик арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү – 25-февраль.

Техникалык спецификацияда учак билеттери 2022-жыл аралыгында эл аралык үзгүлтүксүз каттамдар үчүн белгисиз мөөнөткө арналганы айтылат.