Кайра шайлоого 215 759 шайлоо бюллетени даяр

27-февралга белгиленген №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов районунда бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого даярдалган бюллетендер добушканаларга жиберилди.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, жалпысынан 120 шайлоо тилкесинде добуш берүү өтөт.

«Кайра шайлоого эки округ боюнча 215 599 шайлоочу каттоодон өткөн. Ал эми мыйзамга ылайык шайлоочулардын санынан 0.1 пайыздан ашык бюллетень даярдалышы кажет, андыктан жалпы 215 759 шайлоо бюллетени даярдалган. Алар бүгүн шайлоо тилкелерине жөнөтүлөт», — деди Шайлдабекова.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округдарда көпчүлүк “бардыгына каршы” добуш беришкен. Мыйзам боюнча мындай учурда кайра шайлоо өтөт.