Кооптуу илдеттен эки адам көз жумду

Кыргызстанда 18-февралга карата коронавирус 41 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Республика боюнча жаңы катталгандардын саны:

Бишкек шаарында – 20,

Чүй облусунда – 14,

Талас облусунда – 1,

Ысык-Көл облусунда – 5,

Жалал-Абад облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 191 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 333 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 622 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 255 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 792 киши айыгып чыкса, 2 миң 939 адам каза болду.