Кыргызстан Россияга нота жөнөттү

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине 17-февралда нота жөнөтүп, жаңы миграциялык эрежелер алкагында текшерүүдөн өтүүдө Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн өзүнчө коридор ачып берүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай коридорлорду медициналык текшерүүдөн, дактилоскопиялык каттоодон өткөрүүчү мекемелерде, анын ичинде “Сахарово” миграциялык борборунда ачууга көмөктөшүү өтүнүчү айтылды.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 29-декабрында Россияда “Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” жана “Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, жаңы миграциялык эрежелер иштей баштаган. Ага ылайык, чет элдиктер, анын ичинде Кыргызстандын жарандары жугуштуу оорусу бар-жогуна текшерилип, бармак издерин тапшырып, сүрөткө түшүп, каттоого турушу зарыл.

Бул күндөрү каттоого туруу үчүн кезекке тизилгендер Москва аймагында өтө көп болуп, миңдеп саналып жатканы байкалууда.

Элчилик медициналык текшерүүдөн Москвада 17 мекемеден өтсө болорун эскертүүдө.

Ошону менен катар үч ай деген мөөнөт каттоодон үч айда бир жолу өтүп туруу дегендик эмес, бул ички иштер органдарына тапшырыла турган документтин жарактуу мөөнөтү экени белгиленди.

Россиядагы мигранттарга коюлган жаңы талаптар аларга кошумча түйшүк жаратып жатканы, бул ЕАЭБ ичиндеги макулдашууларга карама-каршы келери тууралуу маселе 16-февралда Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Россияда иштеген мигрант жарандарын чектеген мыйзамды кайра карап чыгуу сунушу берилгенин 16-февралда “Азаттыкка” Кыргызстандын Евразия экономикалык комиссиясындагы (ЕАЭК) өкүлдөрүнүн бири, комиссиянын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова билдирген. Анын айтымында, Орусиянын өкүлдөрү жаңы эрежелер өлкөнүн ички коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынганын, ага кийлигишүү туура эмес болорун билдиришкен.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Россия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган.