Зордукка кабылган аялдарды жана балдарды коргоо үчүн окуу куралдарынын бет ачары болуп өттү

ИИМ: Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды жана балдарды коргоо үчүн китеп окуу куралдарынын бет ачары болуп өттү

WhatsApp Image 2022 02 14 at 10.21.12 1 Зордукка кабылган аялдарды жана балдарды коргоо үчүн окуу куралдарынын бет ачары болуп өттү


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» коомдук фондунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюуга багытталган биргелешкен демилгесинин алкагында Бириккен улуттар уюму жана Европа Биримдиги тарабынан «Жарык шооласы» китеп окуу куралдары – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин инспекторлор үчүн колдонмосу жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин участкалык милиция кызматкери үчүн «Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдар жана балдар үчүн укук коргоо жана сот адилеттиги чөйрөсүндө негизги кызматтарды көрсөтүүнүн стандарттуу операциялык жол-жоболору» аттуу окуу куралы иштелип, басылып чыкты.

WhatsApp Image 2022 02 14 at 10.21.13 Зордукка кабылган аялдарды жана балдарды коргоо үчүн окуу куралдарынын бет ачары болуп өттү


Бул китеп куралдары республика боюнча милициянын участкалык инспекторлоруна жана жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлорго тапшырылат.


Колдонмо китеби зомбулуктан жабыр тарткан балдарга кызмат көрсөтүүлөрдү сунуш кылуунун жана жардам көрсөтүүнүн эл аралык стандарттарын иш тажрыйбасында колдонуу максатында балдар иштери боюнча инспекторлорго арналган.

Китеп балдарга карата зомбулуктун алдын алуунун укуктук негиздерин камтыйт, зомбулуктун түрлөрү жана белгилери, ошондой эле зомбулуктун кайчылаш формаларына кабылган балдар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү каралат.

WhatsApp Image 2022 02 14 at 10.21.10 Зордукка кабылган аялдарды жана балдарды коргоо үчүн окуу куралдарынын бет ачары болуп өттү


Китепче мектептердин психологдору жана мугалимдери үчүн, ошондой эле жабыр тарткан балдарга кызмат көрсөтүүгө кызыкдар окурмандардын кеңири чөйрөсү үчүн пайдалуу.

ИИМдин Басма сөз кызматы