Кара-Балтагы стадиондо жаш балдар мушташып, бирөө ооруканага түштү

2022-жылдын 13-февраль күнү саат 17:21 чамасында Жайыл райондук ички
иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын биринде жайгашкан стадиондо жаш
балдар мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ошондой эле ошол эле күнү, бир аздан кийин аймактык ооруканадан денесинен жаракат
алып, Д.А. 2007-жылы туулган түштү деген маалымат келип түшкөн.


Бул факты Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө катталган.


Алдын ала маалыматтарга караганда, Жайыл районундагы жайгашкан эки
мектептердин 7-8-класстарынын окуучуларынын ортосунда мушташ чыкканы
белгилүү болду. Натыйжада Д.А. 2007-жылы туулган ал аймактык ооруканага
жеткирилген. Апасы Д.А. белгисиз адамдарга чара көрүү фактысы боюнча
арыз менен кайрылган.
Учурда милиция кызматкерлери бул окуянын бардык катышуучуларынын өздүгүн
такташты. Учурда тергөө иштери уланууда. Материал боюнча экспертизалар
дайындалды.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы