Бишкекке эстеликтерди коюуга мораторий жарыяланды

“Бишкекглавархитектура” мамлекеттик мекемеси борбор калаанын борборуна жаңы эстеликтерди, көрүнүктүү инсандарга арналган монументалдык искусство чыгармаларын (стелаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды жана башка мемориалдык структураларды) орнотууга мораторий киргизүүнү сунуштайт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим борбордун борбордук бөлүгүндө эстеликтер жана монументалдык искусство чыгармаларына байланыштуу кабыл алынган.

«Албетте, маданият менен искусстводо чоң мурас калтырган чыгаан мекендештерибиздин, өлкөнүн түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө эбегейсиз эмгек сиңирген мамлекеттик ишмерлердин ысымдарын эскерип, татыктуу түрдө түбөлүккө калтыруу маанилүү. Бирок аларга урмат көрсөтүүгө болгон каалообуз менен биз шаардык мейкиндиктин мүмкүнчүлүктөрүн жана максатын эске алышыбыз керек», – деп белгиледи БГА.

Бишкек Главархитектурасы белгилегендей, учурда борбор калаанын борбору ушундай объектилерге толуп кеткендиктен, атүгүл карапайым жарандар дагы борбордо эстеликтер көбөйүп кеткенине нааразы боло башташты деп билдиришкен.