Баткенде чайхана иштетип жүргөн жаран күч колдонуп өлтүрүлгөн

Исфана шаарынын 35 жаштагы тургуну Лейлек РИИБне атасы 58 жаштагы Э.А. чайхана иштетип жүргөн жеринен дайынсыз жоголуп кеткендигин билдирип кайрылган.


Лейлек РИИБнин ыкчам тергөө тобу чакырылган дарекке, тактап айтканда дайынсыз жоголгон Э.А.нын иштетип жүргөн чайханасына келип, кароо жүргүзгөндө чайхананын көмүр сактоочу жайында таштандылардын арасында кийимдери чечилип, күч колдонуп өлтүрүлгөн Э.А.нын жансыз денесин табышкан.


Бул факты Лейлек РИИБнин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.


Лейлек жана Баткен РИИБнин кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Баткен районунун Самаркандек айылында качып жүргөн Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Исфара районунун Ханобад айыл өкмөтүнүн 53 жаштагы Х.А. аттуу тургунун аныктап кармашкан.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары кармалган Х.А. мурда Өзбекстан Республикасында оор кылмыш жасап соттолгондугу жана Кыргызстанга мыйзамсыз чек араны бузуп киргендиги белгилүү болду.


Азыркы күндө кылмышка шектүү Х.А. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.


Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы