Ат-Башы районунда “Арсенал” операциясынын жүрүшүндө 7 ок атуучу курал алынды

2022-жылдын 6-февраль күнү мал уурулук кылып суралып жаткан Ат-Башы районунун тургуну 1993-жылы туулган Т.Унун үйүндө белгисиз түрдөгү ок атуучу курал бар деген маалыматты текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн, Ат-Башы РИИБнүн маалыматтык электрондук журналына катталып тергөөгө чейинки териштирүү иши башталган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган Ат-Башы районунун 1993-жылы туулган А.Бнын көрсөтмөсү алынып анда,2020-жылы жаз айларында 32-үлгүсүндөгү мылтыктын стволу ийри болгондуктан, мен ал мылтыкты темир ара менен стволун жана кындагын кесип салгам деп көрсөтмө берген.

Жогоруда факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 268-беренесинин (Куралды мыйзамсыз жасоо) 3-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп, Ат-Башы районунун тургуну 1993-жылы туулган А.Б. Ат-Башы райондук сотунун токтомунун негизинде 07.03.2022-жылга чейин Нарын шаарынын Жазаларды аткаруу кызматынын №24-мекемесине камакка алынды.

Ал эми 2022-жылдын 5-февраль күнү Ат-Башы районунун аймагында А аттуу бала мыйзамсыз ок атуучу курал сатып жүрөт деген маалыматты тактоо үчүн
бул билдирүү Ат-Башы РИИБү тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иши башталган.

WhatsApp Image 2022 02 09 at 07.05.51 Ат-Башы районунда “Арсенал” операциясынын жүрүшүндө 7 ок атуучу курал алынды

Натыйжада бул учур боюнча тергөө тапшырмалар берилип Ат-Башы районунун тургуну 1993-жылы туулган А.А. экендиги такталган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 267-беренесинин (Куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) 1-бөлүмү менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө далил затты өзгөчө учурда алуу жүргүзүү жөнүндөгү токтомдун негизинде үйүнүн ичинен бир даана ИЖ-27 үлгүсүндөгү 16-калибрлүү сайсыз ок атуучу курал алынган.

Бүгүнкү күндө тиешелүү экпертизалар дайындалып тергөө иштерү жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле “Арсенал” операциясынын жүрүшүндө Ат-Башы районунун тургундары 1991-жылы туулган Т.М. СОК-СКС-011 к-7,62х39мм сайлуу ок атуучу куралын, 1988-жылы туулган К.Т. КО-44 к-7,63х54мм сайлуу ок атуучу куралын, 1981-жылы туулган М.Р. СКС к-7,62х39мм сайлуу ок атуучу куралын, 1974-жылы туулган А.Б. КО-91/30 к-7,62мм сайлуу ок атуучу куралын, 1977-жылы туулган Б.Б.ОП-СКС к-7,62х39мм сайлуу ок атуучу куралдардын өз ыктыярлары менен өткөрүп беришти.

WhatsApp Image 2022 02 09 at 07.05.52 Ат-Башы районунда “Арсенал” операциясынын жүрүшүндө 7 ок атуучу курал алынды

Жогоруда аталган фактылар боюнча Ат-Башы РИИБү тарабынан каттого алынып, соттук-баллистикалык экспертиза дайындайып тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы