АКШ Бишкектеги абанын булганышы менен күрөшүүдө экспертиза жана тажрыйба менен алмашууга даяр

АКШнын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Н.Култер Бишкек шаарынын мэриясына абанын булганышы менен күрөшүүдө экспертиза жана тажрыйба менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев АКШнын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Н.Култер менен жолугушту.

«Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуу жана боордош шаарлар институтун активдештирүү, маданий-билим берүү жаатында тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты», — деп айтылат маалыматта.

whatsapp image 2022 02 08 at 16 59 20 3 АКШ Бишкектеги абанын булганышы менен күрөшүүдө экспертиза жана тажрыйба менен алмашууга даяр

Анда Бишкектин абасынын сапатын жакшыртуу маселеси да көтөрүлгөнү айтылат.

Соната Н. Коултер Бишкек шаарындагы абанын булганышын көзөмөлдөө жана катуу таштандыларды башкаруу боюнча экспертиза жана тажрыйба менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

whatsapp image 2022 02 08 at 16 59 19 АКШ Бишкектеги абанын булганышы менен күрөшүүдө экспертиза жана тажрыйба менен алмашууга даяр