Ошто жоголгон 4-курстагы студент кыздын сөөгү табылып, кылмышка шектүү кармалды

Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ош шаарына караштуу Кеңеш айылынын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, анда 2000-жылы туулган кызы 2022-жылдын 30-январында болжол менен саат 09:00дө үйүнөн окууга баруу үчүн кеткен боюнча дайынсыз болгондугун билдирген.

Аталган маалымат Ош ШИИБнын Сулайман-Тоо МБнун 2022-жылдын 31-январында катталып, окуя боюнча күбө катары дайынсыз жоголгон кыздын жакындары, тааныштары суралган.

Көрүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 8-февралда качып жүргөн жеринен Ош облусуна караштуу Ноокат районунун 1998-жылы туулган Н.А., аттуу тургуну кармалган.

Шектүү делген ОшМУнун 4-курсунун студенти Ош ШИИБсинин тергөө кызматына камсыз кылынган.

Шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө: «2022-жылы 30-январында саат 10:00 чамасында тааныш, сүйлөшүп жүргөн кызым Т.М,. менен жолугуп, аны менен өзүм жашаган үйгө келдик. Анан ошол жерде экөөбүз сүйлөшүп отуруп, чырдашып, урушуп кеттик. Ошондо менин ачуум келип, аны үйдөгү аш бычак менен сайгылап өлтүрүп салдым. Андан соң анын өлүгүн үйдүн жанына көмүп, кышкы кийимдерин, сумкасын сыртта жайгашкан ажатканага ыргытып жибердим. Ошол күнү окууга бардым да, эртеси күнү, тактап айтканда, 31-январда Өзбекстандын аймагына өтүп, ошол жактан Россияга учуп кеттим”, — деп айтылат.

Шектүүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде жоголгон кыздын сөөгү болжол менен 35-40 см тереңдикте казылган чуңкурдан табылган.

«Кыздын сөөгү чуңкур топурак менен көмүлүп, үстүнөн курулуш материал таштандылары менен жашырылган абалда болгон. Шектүү өлүктү көмгөн жерин жактоочусунун катышуусунда көрсөтүп берген. Денени алгачкы кароо учурунда анын денесинин үстүңкү бөлүгүндө 9 даана курч миздүү буюмдун натыйжасында келтирилген дене жарааттары бар экендиги аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Аталган кылмышка шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча соттук-биологиялык, соттук-медициналык, соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалып, күбөлөр жана жабырлануучу тарап суракка алынып, тийиштүү тергөө амалдары жана ыкчам иш аракеттери жүргүзүлүүдө.