«7 жылдан бери жок жерди борбор деп иштеп жүргөн академик сотто жооп берсин», — министр

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору 2015-жылы эле жоюлган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Сабыр Жумабековов жоюлган борбордо иштеп жүргөн.

«Жети жылдан бери жок жерди борбор деп иштеп жүргөн академик сотто жооп берсин», — деди министр.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлө турганы кабарланган.

Ал эми аталган борбордун жетекчиси, профессор Сабырбек Жумабеков аталган борбор жоюлбай, алдыга өсүшү керектигин айткан.