Ысык-Көлдө көлгө секирип, жанын кыюуга аракет жасаган кыз куткарылды

Ысык-Көлдө көлгө секирип, өзүн өлтүрүүгө аракет көргөн кызды милиция кызматкери куткарды.

Балыкчы шаарында милициянын аймактык ыйгарым кызматкери, өзүнүн өмүрүнө кол салып, көлгө секирип түшкөн кызды куткарып калууга жетишти, бул туурасында Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, кечээ, жергиликтүү тургундан билдирүү түшүп, анда көлдүн пирсинде белгисиз кыз, кыязы, сууга секирүүгө аракет көрүп жаткандыгын билдирген. Нөөмөт кызматынын кызматкерлери, дароо окуя болгон жерге милициянын жакынкы нарядтарын жиберишет.

Окуя болгон жерге биринчилерден болуп, өзүнүн кесиптештери менен Балыкчы ШИИБдин милициянын аймактык ыйгарым кызматкери Амантур Бакиров келет.

Убакытты текке кетирбе, ал кызды сөзгө тартып, ойлонбогон кадамынан баш тартууну суранат. Бирок, сөзгө көнбөгөн кыз муздак сууга секирет, кызды сактап калуу үчүн милиция кызматкери дароо анын артынан көлгө чумкуйт. Анын жанына сүзүп келип, кызды жээке чыгарууга үлгүрөт.

Андан кийин милиция кызматкерлери кызга биринчи жардамды көрсөтүшүп, аны ооруканага жеткиришет. Учурда, кыздын ден-соолугуна коркунуч жок жана бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Милиция жарандарга өз өмүрлөрүнө өзгөчө маани менен кам көрүү зарылдыгын эскертет.