Мугалимдерге «Баатыр» наамын берүү сунушталды

Депутат Айбек Осмонов Жогорку Кеңештин жыйынында мугалимдерге «Баатыр» наамын берүүнү сунуштады. Анын айтымында, мугалимдер 30-40 окуучудан турган класста сабак берип, эмгек шартына чыдамкайлык менен мамиле кылышат.

«Биз мугалимдерге өзгөчө статус жана «Баатыр» наамын берүүнү карашыбыз керек», — деди депутат.

Анын айтымында, азыркы учурда өлкөдө 600 мектеп жана 1 миң 200 бала бакча жетишсиз, жыл сайын курулушка 2-3 миллиард сом бөлүнгөнү менен ансыз деле ушунча объектилердин курулушу 25 жылдай убакытты талап кылат.

Сүрөттө: Бишкек шаарындагы №91 мектеп-гимназиясынын башталгыч классынын мугалими Дөөлиева Салтанат Акылбековна