Курсан Асанов үй камагына чыкты

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.

Анын айтымында, чечим 3-февралда Бишкек шаардык соту тарабынан кабыл алынган.

Эске салсак, Курсан Асанов 2021-жылы 14-сентябрда бийликти күч менен басып алууга шектелип, Жазык кодексинин 309-беренесинин негизинде кармалган. Ага чейин 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча эки жолу кармалып, эки жолу үй камагына чыккан.