“Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды


Бүгүн, 3-февраль күнү «Shеraton» мейманканасынын конференциялар залында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин демилгеси менен “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамынын долбоорун өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер менен талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү.

Буга чейин, аталган мыйзам долбоору коомдук талкулоого жарыяланган.

WhatsApp Image 2022 02 03 at 16.11.26 “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды


Тегерек столго ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башкармалык начальнигинин орун басары Улан Бердибаев, бөлүм начальнигинин орун басары Самат Осмонов, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

WhatsApp Image 2022 02 03 at 16.11.26 1 “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды


Иш-чараны Улан Бердибаев ачып, катышуучуларга мыйзам долбоорунун негизги максаттары – адам укуктарын жана эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн жана улуттук коопсуздугун экстремисттик иш-аракеттерден коргоо экендигин белгиледи. Бүгүнкү күндө дүйнөдө жана биздин республикада мамлекеттин улуттук коопсуздугун баалоого олуттуу терс таасирин тийгизген эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердигинен келип чыккан жаңы чакырыктар менен коркунучтарга байланыштуу окуялар орун алгандыгын белгиледи.

WhatsApp Image 2022 02 03 at 16.11.25 2 1 “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды


Муну менен катар, акыркы жылдары мыйзамдарда, анын ичинен айрыкча Кылмыш-жаза, Жазык-процесстик жана Жазык-аткаруу мыйзамдарында олуттуу өзгөрүүлөр болуп, аталган мыйзамдын ченемдерин шайкеш келтирүү зарылдыгын жаратты. Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын практикалык иш тажрыйбасы экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу бардык субъекттерди мыйзамдуу түрдө бекемдөө жана бул чөйрөдөгү алардын негизги компетенцияларын аныктоо зарылдыгын аныктады.


Андан кийин, Самат Осмонов аталган мыйзамынын долбоорун тааныштырып, мыйзам 2021-жылдын 5-майынан тартып колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясына, эл аралык укуктун ченемдерине ылайык келтирүү максатында, ошондой эле жүргүзүлгөн инвентаризациянын жүрүшүндө аныкталган “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамындагы карама-каршылыктарды жана коллизияларды толуктоо максатында иштелип чыккандыгын билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө “Бир дүйнө-Кыргызстан” жана “Медиа полиси Институту” өкмөттүк эмес уюмдары өзүнүн сунуштарын белгилеп, ой пикирлерин айтышты. Бул боюнча, Ички иштер министрлиги мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгууда өкмөттүк эмес уюмдардын жана эксперттердин сунуштарын эске алынаары белгиленди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ой пикирлери менен алмашып, мыйзам чыгаруу жана практикалык чараларды, ошондой эле мындан аркы биргелешкен аракеттер тууралуу талкуулашты.
Иш-чаранын жыйынтыгында, эртен 4-февралында жогоруда аталган мыйзам долбоорун жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен талкуулоо боюнча ушул сыяктуу тегерек стол өткөрүлөрү белгиленди.

ИИМдин Басма сөз кызматы