Kaktus.media сайтынын журналисттери кезек менен суракка алынат

Kaktus.media сайтынын журналисттери Бишкек шаарынын прокуратурасына суракка чакырылды. Бул тууралуу басылманын негиздөөчүсү Дина Маслова билдирди.

Анын айтымында, көзөмөл органынын тергөөчүлөрү бүгүн редакциянын журналисттерин кезек менен суракка алышат.

Эске салсак, 28-январда Kaktus.media редакциясынын жанында митинг өткөн. Митингдин катышуучулары басылманы жабууну талап кылышты, анткени агенттик кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу тажикстандык «Азия плюс» сайтынан кайра басылып чыккан маалымат тараткан.

Кийинчерээк Башкы прокуратура чек ара тилкесиндеги куралдуу жаңжал тууралуу маалымат боюнча кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат тараткан.