Шайырбек Ташиев мандатын тапшыруудан баш тартты

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө журналисттер Шайырбек Ташиевден депутаттык мандаты тууралуу сурашкан.

Бирок Ташиев жооп берүүдөн баш тартып, кийинчерээк расмий билдирүү жасай турганын айткан.

«Мандатын тапшырбайт экен деп койгула», — деп билдирген ал.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев анын бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев жакын арада мандатын тапшыра турганын 23-январдагы маалымат жыйында айткан.