Жеңиш Молдокматов үй камагына чыкты

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда саясатчы Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыкты.

Белгилүү болгондой соттук отурум жабык өткөн. Анда Октябрь окуялары боюнча иш капралып, сотко Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов, Фарид Ниязов алынып келинди.

Эске салсак, оппозициячыл саясатчы Жеңиш Молдокматов Ички иштер министрлиги тарабынан 2021-жылдын 6-майда кармалган. Молдокматовго 2020- жылдын октябрь окуяларында «УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган» деген айып тагылган.

Кийин берене өзгөртүлүп, «октябрь окуяларында башаламандык уюштурган» деген кине коюлган. Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалап келет.