Депутаттар Баткенге колдоо көрсөтүү үчүн бир айлык маяналарын которушат

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Баткен облусуна колдоо көрсөтүү үчүн бир айлык маяналарын которуу демилгесин айтышты.

Депутат Кундузбек Сулайманов депутаттардын баарын эле бир айлык маянасын которууга чакырды.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев эгер эмгек акы которула турган болсо даректүү түрдө которуу керектигин айтты.

Натыйжада ар бир депутат маянасын ыктыярдуу түрдө которо турган болду.