Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Марал радиосунун”Күн чабыт” программасында маек берди.
Программанын темасы: Министрлер кабинетинин жүз күндүк иши деп аталып, ошонун айланасында маек курулду.
Анда ал бир катар суроолорго жооп берди. Айыл чарба, шайлоо, Кумтөр маселеси, продуктынын кымбатташы жана аны контролдоо тууралуу сөз болду.
Ошондой эле, Байсалов сын-пикирлер жөндүү айтылсын деген пикирде.
Ал Улуу Британияда үч миллион эл митингге каптап кетээрин айтты. Бирок ошол митингде көтөрүлүп жаткан суроолорду бийлик бир жылда чечкенге аракет кылат. Мына ошондой принцыпты Садыр Жапаров да өз моюнуна алды, ал баарына жооп берет.
“Ошол эле кезде бизге кеңеш айткандар абдан керек. Бирок, бизге акыл үйрөтпөгүлө, себеби Өкмөт башчыбыздын аты Акылбек”, – деди Эдиль Байсалов.
-Сиздерге түшүңөргө да кирген эмес бул президенттин жана премьердин программасы амбициялуу, өтө амбициялуу, – деди ал.








