Бишкекте батирдин ичинен 83 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды

Куткаруучулар Бишкектин Бейшеналиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, батирдин ичинен 83 жаштагы Р.В. аттуу аял кишинин сөөгү табылган.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлгөн.