«Red Centre» соода борборунда бомба табылган жок

Бишкек шаарындагы «Red Centre» соода борборунда жарандарды эвакуациялоо иши токтотулду.

Буга чейин борбордун кызматкерлери, 31-январда кечинде имаратка жарылуучу зат коюлганы тууралуу маалымат милицияга түшкөнү тууралуу билдиришкен.

Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иш алып барышты. Ошондой эле, соода борборунун имараты кинологдор тарабынан тинтүүгө алынган. Шектүү нерселер табылган жок.