Онкологиялык ооруга чалдыккан жарандар митингге чыкты

Бүгүн, 1-февралда Министрлер кабинетинин имаратынын алдында митинг өтүп жатат. Ага онкологиялык ооруга чалдыккан жарандар жана анын жакындары чогулган.

Алар Маммалогия борборунун жабылуусуна каршы чыгышууда. Жана ошондой эле чогулгандар бийликтен онкологиялык ооруга чалдыккан жарандар анын ичинен көкүрөк рагы менен жабыр тарткан аялдардын маселесин көз жаздымда калтырбоону талап кылышты.