11 жашар кызга сексуалдык мамиле жасаган деп 35 жаштагы агасы шектелүүдө

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында 11 жашар кызга сексуалдык мамиле жасаган деп 35 жаштагы агасы шектелүүдө.

Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 19-январында Аламүдүн районунун Арашан жашы жете элек кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасалгандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Териштирүү иштеринин алкагында, кыз 11 жаштагы Т.Д. экени, чоң энеси жана чоң атасы менен жашаары аныкталган. Ал милиция кызматкерлерине эки жыл мурун агасы эгин талаада ага карата сексуалдык аракеттерди жасагандыгын айтып берген.

Агасынын аты-жөнү такталып, ал А.А. аттуу 35 жаштагы адам экени аныкталган. Сурак учурунда ал андай окуя болбогондугун билдирген. Ошондой эле аталган үйдө жашаган башка адамдар суракка алынып, алар дагы андай окуя болбогондугун айтышкан.

Учурда кызга карата керектүү болгон бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.