“Кара-Балтада дене тарбия мугалими окуучу кыздарга ыдык көрсөткөн” деген маалымат боюнча териштирүү жүрүп жатат

«Кара-Балтада дене тарбия мугалими окуучу кыздарга ыдык көрсөткөн» деген маалымат боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-апрелде маалымат булактарында Кара-Балта шаарындагы мектептеринин биринин мугалими окуучу кыздарга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө аракет кылганы тууралуу маалымат тараган.

Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, окуя маалымат булактарына жарыяланганга чейин эч бир жаран Ички иштер органдарына арыз менен кайрылбагандыгы такталды. Милиция кызматкерлери бул маалыматты текшерүүгө алган учурунда, 27-апрел күнү ата-энелер чогулушунда, айрым ата-энелер тарабынан дене тарбия мугалими окуучу кыздарга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө аракет кылгандыгы тууралуу айтылганын такташкан. Ыкчам-тергөө тобу ишти теришитирп баштаган учурда, дене тарбия мугалимине чара көрүү өтүнүчү менен 1985-жылы туулган К.Г. кайрылган.

«Ал кайрылуусунда март айынын аягында, 2005-жылы туулган жашы жете элек кызын дене тарбия мугалими чакырып алып, сексуалдык ыдык көрсөтүүгө аракеттенгенин айткан. Кызы бул окуя тууралуу мугалим жумуштан кеткенден кийин гана айтканын билдирген. Милиция кызматкерлери жашы жете элек кызды да сурамжылоого алганда ушундай эле көрсөтмө берген. Андан аркы териштирүүдө 1979-жылы туулган Д.Г. арыз жазуудан баш тартып, 12 жаштагы кызына ыдык көрсөттү деген дене тарбия мугалимине эч кандай доосу жок экенин белгилеген»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн милиция кызматкерлери тарабынан бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.