Болочоктогу милиция кызматкерлери балдар үйүндө бак отургузушту

0
23

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана улуттук “Жашыл мурас” өнөктүгүн утурлай, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы Москва районундагы Беловодское айылында жайгашкан балдардын психоневрологиялык үй-интернатынын аймагын жашылдандырууга салымын кошуп келишти.


ИИМдин Академиясынын курсанттары аталган интернаттын кызматкерлери менен биргеликте жемиш бактардын көчөттөрүн отургузушуп, сугарышты.

Андан тышкары, ИИМдин Академиясынын атынан балдар үйүнө жуунуучу, даары каражаттары менен памперcтер белекке берилди.


Балдардын психоневрологиялык үй-интернатынын администрациясы ИИМдин Академиясынын жалпы жамаатына жана курсанттарга ыраазычылыгын билдиришип, ыракматын айтышты.


ИИМдин Академиясынын Басма соз кызматы.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.