Президенттин администрациясы кагаз түрүндөгү документтерди кабыл алууну токтотот

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарда, КР президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүндө, райондук администрацияларда, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларында автоматташтырылган маалыматтык системаларды ишке киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Жыйындын жүрүшүндө регондор жана айыл өкмөттөр боюнча «Infodocs», «e-kyzmat», «Санарип аймагы» маалыматтык системаларды ишке киргизүүдө келип чыккан көйгөйлөр талкууланды.

«Эң төмөнкү көрсөткүчтөр Чүй облусунда байкалууда: 105 айыл өкмөтүнүн ичинен 31 айыл өкмөтү электрондук документ жүгүртүү системасына кошулган эмес.

Мындай көрсөткүчтөргө жол берилбеш керек. 1-марттан тарта президенттин администрациясы кагаз түрүндөгү документтерди кабыл алууну токтотуп, 1-апрелден тарта бардык мамлекеттик органдар толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтөт. Тездетүү керек, бул учурдун талабы. Коңшу мамлекеттер электрондук документ жүгүртүүгө өткөн, ал эми биз аны жасай албай жатабыз», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.