ИИМ: Камакка 18 унаа коюлган, анын ичинен 5 премиум-класстагы унаалар Швецияда уурдалган

ИИМдин Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери жүргүзүшкөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Интерпол эл аралык кылмыш полициясы уюму тарабынан издөөдө жүргөн бир нече автоунаалар Евробиримдигине кирген (ЕБ) өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келип жатканы аныкталган.


2021-жылдын 30-декабрында ИИМдин Тергөө кызматынын жана Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы автосалондордун бирине тинтүү жүргүзүү учурунда 18 автоунаа токтотуу жайга коюлган, анын ичинен 5 премиум-класстагы унаа 2020-2021-жылдары Швецияда уурдалган.

5 ИИМ: Камакка 18 унаа коюлган, анын ичинен 5 премиум-класстагы унаалар Швецияда уурдалган
2 ИИМ: Камакка 18 унаа коюлган, анын ичинен 5 премиум-класстагы унаалар Швецияда уурдалган


Учурда унаа уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле Интерпол Эл аралык кылмыш полициясы уюму тарабынан издөөгө алынган башка унааларды издөө боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

4 ИИМ: Камакка 18 унаа коюлган, анын ичинен 5 премиум-класстагы унаалар Швецияда уурдалган

ИИМдин Басма сөз кызматы