Кыргызпатент ЖОЖ жана акционердик коомдору менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду

Бүгүн, 20-январда Кыргызпатент, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, “Ками Моторс”, “Апар сервис”, “Афис”, “группа К51” ачык акционердик коомдору кызматташуу тууралуу көп тараптуу меморандумга кол коюшту.

4L7A8844 Кыргызпатент ЖОЖ жана акционердик коомдору менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду

Меморандумга кол коюунун максаты – илимий-изилдөөчүлүк, тажрыйбалык-конструктордук иштерди  түзүү, өнүктүрүү жана ишке ашыруу, интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын натыйжаларын өнүктүрүү жана ишке ашыруу.

4L7A8826 Кыргызпатент ЖОЖ жана акционердик коомдору менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду
4L7A8873 Кыргызпатент ЖОЖ жана акционердик коомдору менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду

Тараптар интеллектуалдык менчик жаатында билим берүү программаларын жакшыртуу, биргеликте илимий, кесиптик билим берүү, илим, технология, бизнес түзүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүнүн инновациялык формасын өнүктүрүү жаатында кызматташат.

4L7A8881 Кыргызпатент ЖОЖ жана акционердик коомдору менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду