Партиялар мемарандумга кол коюшту

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында 28-ноябрга дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышып жаткан саясий партиялар меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады

Иш-чарага БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын төрагасы, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, 21 саясий партиянын лидерлери же ѳкүлдѳрү, эл аралык жана коомдук байкоочулар, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Саясий партиялардын ортосунда меморандумга кол коюу эл аралык стандарттарга ылайык демократиялык шайлоо өткөрүүнүн маанилүү кепилдиги болуп саналат.

Меморандум – бул катышуучулары мыйзам алкагында гана аракеттенүүгө, Конституциянын талаптарын кыйшаюусуз аткарууга, шайлоо мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин сактоого милдеттендирүүчү келишим. Документке кол коюу менен партиялар өздөрүнө мыйзамда көрсөтүлбөгөн нерселерди жасабоого милдеттенме алышат.