БШК Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды. Мындай чечим бүгүн, 20-январдагы БШКнын отурумунда кабыл алынды.

Жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы талкууланды.

Атайын кызмат 14-январда маалымат таратып, Орозайым Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Нарматованын ЖАМУдагы өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок болуп чыккан. Мындан тышкары, сессияларды жана тиешелүү сынактарды тапшыруу учурунда Нарматова Орусияда жүргөнү аныкталганы кабарланган.

Билим берүү министрлигинин өкүлү билдиргендей Жалал-Абад мамлекеттик университетинде комиссия иштеген. Ал эми 19-январда аталган окуу жайдын ректору депутаттын дипломун жокко чыгаруу боюнча буйрукка кол койгон