
Боом капчыгайында жайгашкан «Кут» кафесинен өрт чыкты. Бул тууралуу маалыматты ӨКМден тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 137-чакырымында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 20:14тө түшкөн.
Жерине бир өрт өчүрүүчү бөлүм кеткен.
“Кут” кафеси бир топ жылдан бери иштебей келет. Эске салсак, аталган кафе Боом капчыгайында биринчилерден болуп салынган.