18 жаштагы баланы тоногон шектүү кармалды

Жалал-Абадда милиция 18 жаштагы баланы тоногон шектүүнү кармады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 29 жаштагы М.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 18 жаштагы бир тууган инисинин “Самсунг” үлгүсүндөгү кол телефонун 2021-жылдын 31-декабрында саат 22:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын эски футбол ойноочу аянтында өзүн “Немат” деп тааныштырган бала коркутуп алып койгонун билдирген.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси («Тоноо») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын тургуну 1999-жылы туулган Ш.Н. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Мындан сырткары, Ш.Н.нын Жалал-Абад ШИИБдин КБРде өндүрүштө турган дагы бир тоноо фактысына катышы бар экени аныкталган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда анын мындан башка да кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктогун тактоо иштери жүрүп жатат.