Кыргыз аскерлери Алматыдагы ЖЭБ-2 объектисин кайтарышууда

 Кыргызстандын аскер кызматкерлери Казакстандын Алматы шаарындагы маанилүү стратегиялык объект болгон ЖЭБ-2 объектисин кайтарып жатышат.

Бул маалыматты Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан Казакстанга «Скорпиондун» 150 офицерин жөнөткөн. Коргоо министри Бактыбек Бекболотов андан тышкары 8 бронетранспортер, 11 унаа жибериле турганын билдирген болчу.