Баткенде тажик тарапка кирип кеткен жылкы кайтарып алынды, – видео

Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалыматта, 2023-жылдын 23-март күнү түнкү саат 02:00 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын 37 жаштагы тургунун 8 жашар жылкысы байланып турган жеринен бошонуп кетип, коңшулаш Тажикстан РеспубликасынынСогди облусунун Исфара районунун Лаккан айыл аймагына кирип кеткен.
Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсү менен Согди облусунун Исфара РИИБдин милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдүн негизинде 2023-жылдын 6-апрель күнү кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен жылкысы кайтарылып, өз ээсине тапшырылды”, – деп айтылат маалыматта.
Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпестикти жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган.

c51ecbbc 7111 491c a65d 532ac24f83bd Баткенде тажик тарапка кирип кеткен жылкы кайтарып алынды, - видео
16621334 b245 416f a126 92da9ad7c137 Баткенде тажик тарапка кирип кеткен жылкы кайтарып алынды, - видео