Алматыда 190 адам медициналык мекемелерге кайрылган

Алматыдагы башаламандыктан кийин 190 адам медициналык мекемелерге кайрылган. Анын ичинен 137 милиция кызматкери, 53 жай тургун жабыркаган. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги шаардын саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз кызматына таянып жазды.

«Медициналык мекемелерге жалпы 190 адам кайрылган, анын ичинен 150ү тез жардам кызматына, 40ы өз алдынча кайрылган. Учурда 40 адам ооруканага жаткырылып, анын ичинен 7 жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө, аталгандардын ичинен төртөө милиция кызматкерлери», — деп айтылат маалыматта.