Садыр Жапаров Казакстандагы кырдаалга көз салып жатат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандагы кырдаалга көз салып жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады.

“Өлкө жетекчилиги боордош Казакстандагы кырдаалга көз салып турат. Кыргыз тарап жалпы казак элинин жыргалчылыгына жана өлкө келечегине багытталган туура жана алгылыктуу чечим табыларына ишенет”, — деп айтылат басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

2-январда Жаңы-Өзөн, Актауда газдын кымбатташына каршы акция башталып, өлкөнүн башка аймактарына да тарады. 5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына, Алматы облусу менен Маңгыстауда өзгөчө абал жарыяланган. Анын алкагында шаарларда комендантык сааттар киргизилүүдө. Режимдер 19-январга чейин деп белгиленген. 5-январда президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, тийиштүү жарлык Акорданын сайтына жарыяланды.