“Московский комсомолец” басылмасы Садыр Жапаровду “Жылдын президенти”, – деп атады

Россиялык “Московский комсомолец” Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду “Жылдын президенти”, – деп атады.

Анда, басылма Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун кабыл алган чечкиндүү чечимдери жана элдин колдоосу жазылган. Мамлекет башчыга мүнөздөмөнү толугураак «Евразия мууну» фондунун төрагасынын орун басары, саясат таануучу Игорь Шестаков айтып берген.

Анда ал мүнөздөмөдө: «Албетте, Кыргызстандын башкаруу системасында ири өзгөрүүлөр болду. Башкача айтканда, биз парламенттик башкаруудан Президенттик башкарууга өттүк. Садыр Жапаров буга чейин сөз менен гана айтылып келген саясий системаны реалдуу форматка өткөрүп, көп нерсеге чекит койду. Эгер биз  эле КМШдагы ийгиликтүү өлкөлөргө көз чаптырсак, анда бардыгы келип Президенттик башкарууга такалат.

Өлкө башчынын ролун күчтөндүрүү жалгыз гана Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашкан жок. Ал парламенттик башкаруудан тажаган элдин каалоосу болду. Парламент жана анын курамындагылар 2020-жылы саламаттыкты сактоодогу көйгөйлөрдү чече алышкан жок. Алар коронавируска каршы туруп, жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн жан үрөшкөн дагы жок.

Жыл бою өлкө олуттуу коомдук саясий толкундоолорго туш болду.

Себеби биздин экономикабыздын абалы өтө оор бойдон калууда. Биз бир жылда 5 шайлоо өнөктүгүн өткөрдүк. 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоо бир гана Кыргызстанды эмес, сырт жактагы өнөктөш өлкөлөрдү, анын ичинде Россиянын кызыгуусун арттырып, жаңыланууну ачып берди. Азыркы президент Садыр Жапаров буга чейин 30 жыл бою калыптанган административдик ресурстун күчүн болушунча түшүрүп, добуш сатууга жана сатып алууга катуу чара көрдү.

Өлкөнүн ичиндеги коррупцияга байланышкан маселелер Кыргызстандын көзкарандысыздыкты алгандан бери эле 30 жыл бүтпөй келе жаткан орчундуу көйгөйү. Садыр Жапаров келгенден бери бир топ коррупциянын бети ачылды, бирок бул бир гана Президенттен көз каранды эмес. Аны жеңүү үчүн коомдун колдоосу керек», — деген ал.

Ошол эле учурда, “Московский комсомолец” басылмасы жылдын “Эң начар президенти”, -деп Украинанын мамлекет башчысы Володимир Зеленский деп тапкан.