Казакстан: “Бизге кыргыздар жетпей турат”. Митингдерде азил-чыны аралаш кыргыздар да сөз болууда

Казакстанда 3 күндөн бери нааразылык акциялары уланууда. Буга автоунаалар үчүн пайдаланыла турган суюлтулган газдын бир заматта кескин кымбаттап кетиши себеп болгон.

Би-Би-Си кызматы бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Сания Тойкенди кепке тартканда ал:  “Биз кыргыздарга жетпей жатабыз. Эки күндөн бери туруп, аягыбыздан бери тоңдук, суу өттү. Тез арада барып кыргыздарды алып келели, алар бир саатта эле ары-бери кылат” деп тамаша-чыны аралаш сөз кылышууда, – деп элдин айтканын айтып берген.

168231 Казакстан: “Бизге кыргыздар жетпей турат”. Митингдерде азил-чыны аралаш кыргыздар да сөз болууда

Нааразылыктын эң негизги очогу Маңгыстау облусу болуп калды. Анын ичинде Актау шаары, Жаңыөзөн шаарчасы. Мындан башка айыл, шаарларда дагы ар кандай санда нааразылыкка чыккандар бар.

Ошол эле Алматыда дагы чыккандар болду. Айрым аналитиктер кымбатчылык, жалпы экономикалык абал, эл ичиндеги маанай буга себеп, ал эми автоунаалар үчүн пайдаланыла турган суюлтулган газдын бир заматта кескин кымбаттап кетиши ага дүрт эткен шылтоо деп баалап жатышат.