SuperTV’нын сабалган кабарчысы ооруканага жаткырылды

SuperTV телеканалынын сабалган кабарчысы Бактурсун Жоробеков Бишкектеги №4 ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу редакция өзү жазып чыкты.

«№4 Бишкек шаардык ооруканасынын травматология бөлүмүндө жатам. Дарыгерлер баш мээмдин чайкалганын билдиришти. Алар көзүмдө да жаракат бар экенин, азырынча беттеги шишиктерди таратуу керектигин айтышты»,- деген ал.

Эскерте кетсек, буга чейин SuperTV телеканалынын кабарчысын 4 жаран сабап кеткен. Учурда жабырлануучу милицияга арыз жазып, шектүүлөр изделүүдө.