Чоң-Алайдагы киши ѳлтүрүүгѳ шектүүлѳр милиция тарабынан кыйноого алынган эмес

Ош ОИИБи: Чоң-Алайдагы киши ѳлтүрүүгѳ шектүүлѳрдүн милиция тарабынан кыйноого алды деген дооматтары чындыкка дал келбейт


2021-жылдын 30-ноябрь күнү шектүүлѳр 50 жаштагы Э.Ч жана 58 жаштагы А.Рга карата КРнын Жазык кодексинин 130-беренесинин 2,4-пунктунда каралган кылмыштын белгилери менен айыптоо актысы бекитилип, козголгон кылмыш ишин кароо үчүн сотко жиберилген. Бүгүнкү күндѳ аталган кылмыш иши сотто каралууда. 2021-жылдын 21-декабрь күнү Ч.Э менен Р.Анын Ош шаардык жана Ош областык кыйноолордун алдын алуу борборуна жазган арыздары Чоң-Алай райондук прокуратурасына жиберилип учурда прокуратура тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына катталып, тергѳѳгѳ чейинки текшерүү иштери жүрүүдѳ.


Арызда кѳрсѳтүлгѳн кыйноолор Чоң-Алай РИИБнин кызматкерлери тарабынан болгон эмес.
Кылмышка шектүүлѳр мурунку соттук отурумдарда кыйноолор боюнча эч кандай кѳрсѳтмѳ берген эмес, соттук отурумдарда аларга карата мыйзам чегинде катуу жаза кѳрүлѳ тургандыгы белгилүү болгондон соң, акыркы сот отурумунда кыйноолор болгондугу боюнча кѳрсѳтмѳ бергендиги кылмышка шектүүлѳрдүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында жасалып жаткан аракети катары кабыл алабыз.


2021-жылдын 18-октябрь күнү Чоң-Алай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизүү алдында шектүүлѳр Ч.Э менен Р.Анын ден соолугунун абалын тактоо боюнча атайын медициналык кароодон ѳткѳрүлүп, дарыгер Т.Кожоевдин Ч.Э менен Р.Анын денелеринде жаракаты жок экендиги боюнча 2021-жылдын 18-октябрь күнү 103 жана 104 сандуу медициналык протоколунда кѳрсѳтүлгѳн.
2021-жылдын 11-ноябрь күнү Ош шаарындагы №25 Тергөө абагына жеткирилип, ал жерден ага сарайчы пропоршиги А.Мырзабаевдин камакка алганды тинтүү жүргүзүүдѳ нааразычылыктар болгон эмес деп кѳрсѳтүлгѳн.


Кылмышка шектүү 50 жаштагы Э.Ч жана 58 жаштагы А.Рлар 2021-жылдын 13-ноябрында Кызыл-Суу дарыясынын боюнда жабырлануучу 54 жаштагы Э.Жни кармап алып уруп,тепкилеп кыймылсыз жатып калганда кылмыштарын жаап жашыруу максатында маркум Э.Жнын денесин экѳѳлѳп кѳтѳрүп сууга ыргытып жибергендиги боюнча КРнын Жазык кодексинин 130-беренесинин 2,4-пунктунда каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.


Ал эми Чон-Алай райондук ички иштер бѳлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынын абалы туралуу айта турган болсок. Жалпысынан Чоң-Алай РИИБнин имаратынын эскилиги жетип жараксыз абалга келип калган. Аталган имарат 1984-жылы жумушчу кооперативинин админстративдик имараты болуп дубалы ылай менен курулган. 1998-жылы Чоң-Алай райондук ички иштер бѳлүмү жайгашкан. Дубалы ылай менен курулган эски имарат болгондуктан бул жерге суу киргизип, жуунучу жайларды курууга курулуш коопсуздугунун талаптарына жооп берилбегендиктен керектүү шарттарды түзүүгѳ уруксат болгон эмес. Ошондой эле жаңы имарат курууга тийиштүү документ иштери 2011-жылы 30-декабрь күнү бүткѳн. Курулуш үчүн суралган акча каражаты бѳлүнбѳгѳндүктѳн бул кемчиликтер ондогон жылдардан бери кѳйгѳй жаратып келет. Ушул кемчиликтерди жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан 2021-жылы март айынан баштап 2 кабаттуу жаңы имарат куруу боюнча долбоору мамлекет тарабынан кабыл алынып, 2022-жылы заманбап имарат курулуу планга киргизилген. Ошол долбоордо ички иштер бѳлүмүнүн имаратындагы убактылуу кармоочу жайлар адам укуктарын сактоо талаптарына ылайык заманбап жабдуулар менен куруу жагы эске алынган.

Ош ОИИБдин басма сѳз кызматы