Гуля Алмамбетова парламентке талапкерлигин койду

Бишкек шаарынын мурдагы мэр Азиз Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алмамбетова Свердлов районундагы бир мандаттуу округдан парламентке ат салышат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

28-ноябрдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо борбор калаанын Биринчи май жана Свердлов райондорунан талапкер болгондор колдоого ээ болгон эмес. Шайлоого келгендердин көбү «баарына каршы» деген добуш беришкен. Мындан улам эки округдагы шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган.

270366826 4614688278628129 4284066132155842560 n 1536x1152 1 Гуля Алмамбетова парламентке талапкерлигин койду

Боршайком Бишкектин Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдары боюнча кайра шайлоону 27-февралга дайындады.

2020 04 23 10 34 34 946317 768x403 2 Гуля Алмамбетова парламентке талапкерлигин койду