Тоо эчкинин улагы куткарылды

«Альянс Алтын» ЖЧКсынын кызматкерлери тоо эчкинин улагын куткарып калышты. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер деңиз деңгээлинен 3760 метр бийиктикте карьерден түшүп келе жатып, улакты таап алышкан.

«Бүгүн саат 9.30дар чамасында улак Талас аймактык экология жана климат боюнча башкармалыгынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Өткөрүп берүү учурунда акт түзүлгөн.