Эрлан Бекчоро уулу да кыйноого кабылган

Бул чектен чыккандык! Бул наадандык! Бул адамдык сапаттын эң төмөн кадамы! Бул укугуңарды тебелеп, ден- соолугуңарды талкалап, абактан сөөгүңөрдү чыгарабыз деген кара мүртөздүк!, – деп айтылат абакта жаткан Эрлан Бекчоро уулу кыйноого кабылганын Фейсбуктагы баракчасындагы билдирүүдө.

Ал укук коргоо органдарына жана журналисттерге кайрылуу жолдоду.

«Урматтуу Акыйкатчы институту!
Урматтуу Юстиция министри Аяз Баетов !
Урматтуу кыйноолорду алдын алуу мекемеси!
Урматтуу Адам укугун коргогон эл аралык уюмдар!
Урматтуу ЖМК өкүлдөрү жана укук коргоочулар!
Бийлик Конституциялык укуктарыбызды тебелеп, бир дагы далили жок абакка камаганы аз келгенсип суук, ным баскан, камоо шарттары эң начар камерага бир күндө которушуп, абактан кыйноого алуусу деп эсептейм. Бул бир айдын ичинде баарыбызды оорулуу кылып, ошо менен өлүгүбүздү чыгаруунун негиздүү кадамдары. Бул бийликтин суук түшкөн маалда атайын жасаган иши. Башка камерадан абалы өтө начар деп айтуудан дагы өтө төмөн камерага которушу ден-соолугубузга, өмүрүрүбүзгө коркунуч алып келет. Мен кайрылган аталган институттар камерага чейин кирип, абалыбызды кабар алууңуздарды өтүнөм!
Арыз ээси 21- мекемеде күнөөсүз камалып жаткан Эрлан Бекчоро уулу«- деп айтылат билдирүүдө.

321553987 660762915793827 3630317801404746265 n Эрлан Бекчоро уулу да кыйноого кабылган