УКМК: Кадамжайда жеке нотариалдык конторанын мыйзамсыз ишеним кат берүү фактылары аныкталды

  КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөшүүнүн жүрүшүндө, Баткен облусунун Кадамжай районунун жеке нотариалдык конторасы, А.А.Э. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранына катталып, анын Т.Г.С. аттуу жубайы лицензиясы жана уруксаты жок нотариалдык иш-аракеттерди мыйзамсыз берүү жана бурмалоо фактылары аныкталды.

  Бул факты боюнча КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 248-беренесинин 1-бөлүм (Жеке нотариустардын, аудиторлордун, эксперттердин же баалоочулардын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. 

  Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.