«Акун» пансионатына мыйзамсыз берилген жер мамлекетке өттү

Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатына мыйзамсыз берилген жер мамлекетке өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, КР УКМК Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан “Акун” пансионатынын жеке менчигине Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан 17,65 гектар жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарылган, анын натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик каттоо органы тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик акт мыйзамсыз берилген.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз чыгарылган соттун чечими боюнча даттануу козголуп, жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды.

Жер тилкенин баасы 371 миллион сомго бааланган.

gknb kr po pansionatu akun0 1080x630 1 «Акун» пансионатына мыйзамсыз берилген жер мамлекетке өттү
bea99c82 ce3f 4fba 86db 23cdd31785a0 «Акун» пансионатына мыйзамсыз берилген жер мамлекетке өттү

Эске салсак,  «Акун» пансионаты Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон. Ал 2020-жылы короновирус илдетинен улам каза болгон.