Талас шаарынын борбордук аянтында саптык кароо өткөрүлдү

Талас шаарынын борбордук аянтында саптык кароо өткөрүлдү

WhatsApp Image 2021 12 27 at 13.18.58 Талас шаарынын борбордук аянтында саптык кароо өткөрүлдү


Талас шаарынын борбордук аянтында келе жаткан 2022-жылды тосуу майрамын белгилөөнүн алдында Талас облустук ички иштер органдарынын кызматкерлеринин даярдыгын текшерүү максатында саптык кароо өткөрүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Марлис Асанов, орун басарлары катышышты.

Саптык кароодон Талас ОИИБнин борбордук аппараты, Бакай-Ата РИИБ, Талас РИИБ, Талас ШИИБ, Талас шаардык күзөт кызматынын кызматкерлери кызматтык авто унаалары менен тизилишти. Алгач Кыргыз Республикасынын Гимни ырдалып, Мамлекеттик тууга түздөнүү аземи болду. Андан соң, президенттин өкүлү Бакытбек Нарбеков милиция кызматкерлерин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө: “Облуста саясий, маданий, спорттук жана башка кандай гана иш-чара өтпөсүн тикеден-тик туруп, элдердин жана мамлекеттин коопсуздугун сактап келесиздер. Облус аймагында резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачууда, жол кырсыктарынын алдын алууда, коомдук тартипти сактоодо тиешелүү деңгээлде аткарып жатасыздар. Берген антыңарга бекем туруп, облуста тартипти, эң негизгиси тынчтыкты сактап, жүктөлгөн кызматты кынтыксыз аткарып жатканыңар үчүн ыраазычылык билдиремин”-деп, каалоо тилектерин айтып өттү.

WhatsApp Image 2021 12 27 at 13.18.59 2 Талас шаарынын борбордук аянтында саптык кароо өткөрүлдү


Андан соң Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Асанов Марлис тарабынан кызматкерлердин жумушка даярдыктары, сырткы көрүнүшү, атайын формалары жана өздөрүнө тийиштүү буйруктарынын билиши боюнча кароо жүргүзүлдү. Марлис Асанов бир катар талаптарды айтып, тапшырмаларды койду. Анда жакында келе жаткан жаңы жыл майрамын өткөрүүдө милиция кызматкерлеринин аткара турган иштерди белгилеп кетти.
Андан тышкары, жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо багытында көптөгөн алгылыктуу иштерди аткаруу керектигин, ага шарт түзүп жаткан жагдайлар менен күрөшүү зарылдыгын айтты. Өзгөчө коомдук жайларда болгон кылмыштарга бөгөт коючу чаралар көрүлүшү керектиги айтылды. Кызматкерлер тарабынан жарандарга жана айдоочуларга эң жогорку деңгээлдеги сылык мамиле кылуу жана аларга түшүндүрүү иштери сапаттуу болуусуна көңүл бурулуусу зарыл экендигин белгиледи. Жалпы кызматкерлерге кылмыштардын алдын алуу максатында тынымсыз иш алып баруу боюнча тапшырмалар берилип, кызматтык унаалар каралып, кемчилитерди жоюу боюнча талаптар коюлду.

WhatsApp Image 2021 12 27 at 13.18.59 1 Талас шаарынын борбордук аянтында саптык кароо өткөрүлдү


Талас ОИИБнин басма сөз кызматы